ЖАРЫЯ

Урматтуу Корумду, Булан-Сөгөттү, Темировка, Кашат, Григорьевка, Пристань, Кожояр, Семеновка айылдарынын тургундары Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы тарабынан Коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп жаткан, “Баарыбыз коррупцияга каршыбыз”аталышындагы эл аралык  жаштар арасындагы сынак башталгандыгын жарыялайбыз.       Сынак эки этаптан турат-жарымфинал жана финал. Сынакка катышуучулардын жаш курагы 10жаштан 25 жашка чейин. Сынакка жеке жактар жана чыгармачыл топтор катыша алышат.  Конкурстун номинациялары-“Эӊ жакшы плакат”, “Эӊ жакшы сүрөт”, “Эӊ жакшы видеоролик”. Сынакка катышуу үчүн каалоочулар сынактын расмий сайтынан каттоо формасын толтуруп, сынактын эрежелерине жана жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берип каттоодон өтүшү керек. Сынактык иштер электрондук түрдө өздүк кабинет аркылуу www.anticorruption.life расмий сайтка жүктөлүш керек. Сынакка катышууда кандайдыр бир тоскоолдуктар (каттоо, жүктөө, жиберүү ж.б.) жаралган учурда, райондук прокуратура тарабынан көмөк көрсөтүлөт. Сынакка катышуучулардын иштерин кабыл алып бүтүү мөөнөтү 01.10.2025-жыл саат 18:00 Москва убактысы боюнча. Сурап-билүү телефондору 0708709401